Ссылки доступа

ИИМ: «Элдик парламент»  митинг үчүн жарандарга акча төлөгөн


“Элдик парламент” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы митингге катыштыруу үчүн жарандарга 1000 сомдон акча сунуштаган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Жеңиш аянтынын жанынан тартип сакчылары жети адамды кармашкан. Суракка алуу учурунда Рашид жана Съездбек аттуу адамдар каршылык акциясына катыштыруу үчүн жарандарга 1000 сомдон акча сунушташкан.

Кийинчерээк 49 жаштагы Абдурашид аттуу жаран кармалган. Ал жубайы экөө Б.Т аттуу киши жана анын туугандары менен тааныш экендигин айтып берген. Ал Жеңиш аянтында жана УКМК имаратынын алдында митинг уюштуруу үчүн 20 миң сом сунуштаган. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

“Элдик парламент” бир ай мурун түзүлгөн. Өткөн жумада анын лидерлери бийликти күч менен басып алууга даярлык көргөндүгү үчүн айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. “Элдик парламент” 17-майда Жеңиш аянтында митинг өткөрүп, бирок ага саналуу гана адам катышкан.

XS
SM
MD
LG