Ссылки доступа

Могерини: Тажикстандагы абал оор бойдон калууда


ЕБ Тажикстанда жалпы элдик референдум өткөрүүнү кубаттабаганы менен бул өлкөгө жардам берүүнү токтотпойт. Бул тууралуу Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Федерика Могерини  билдирди.

Ал Тажикстандын президенти бийлигин күчөтүү максатында референдум өткөрүү менен өзүн оор саясий абалга кептеп жатат деп эсептейт. Конституцияны өзгөртүүгө багытталган референдумдун мыйзамдуулугунан күмөнү бар.

Польшалык депутат Здислав Краснодебскийдин суроосуна жооп берип жатып, Могерини ЕБ жетекчилиги референдум өткөрүү маселесин тажик бийлиги менен бир нече жолу талкуулагандыгын маалымдады. Анын айтымында, Тажикстандагы жана жалпы эле чөлкөмдөгү коопсуздукка байланышкан абал оор бойдон калууда. Борбордук Азиядагы экономикалык каатчылык бул өлкөдө жашоо деңгээлинин төмөндөп кетишин шарттады. Муну эске алуу менен ЕБ Тажикстанга жардам көрсөтүүсүн токтотпойт. Анын ичинде, өлкөнүн өнүмдөрүн Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жеңилдетилген салык жана төлөмдөр менен экспорттоо мүмкүнчүлүгү сакталат.

XS
SM
MD
LG