Ссылки доступа

Москвада банктагы адамдарды барымтага алган адам өлтүрүлдү


ИИМдин Москва боюнча башкы башкармалыгы шааардын чыгышындагы банкка кол салган адам атайын бөлүктүн жоокерлери тарабынан өлтүрүлгөндүгүн тастыктады.

Ал колго жасалган жардыруучу затты ишке киргизмекчи болгондо тындым кылынган. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, барымтага алынган бардык адамдар бошотулду. Алардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.

Шаршембиде Первомай көчөсүндөгү «Москва насыялык банкынын» кеңсесине куралдуу кол салуу болгондугу кабарланган. Бир нече кызматкер барымтага алынган.

Полиция кылмышкер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал ири суммадагы акча бербесеңер кеңсени жардырып жиберем деп коркуткан. Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал төрт жарым миллиондон ашуун рубль жана 13 миң евро берүүнү талап кылган.

Банкта атышуулар болгондугу да кабарланууда.

XS
SM
MD
LG