Ссылки доступа

Орусияда салыктарды көтөргөнү жатышат


Орусия бийлиги 2018-жылдан кийин салык системасын өзгөртүү пландарын талкуулоодо. Wall Street Journal басылмасы билдиргендей,  кирешеге салынуучу салыкты 13 пайыздан 20 пайызга чейин жогорулатуу сунушталууда.

Өкмөт салыкты көбөйтүүнүн бир нече жолун кароодо. Киреше салыгына байланыштуу эки вариант талкууланууда. Бири – аны 20 пайызга чейин көтөрүү. Экинчиси – ири пайда көргөндөр көбүрөөк төлөй турган прогрессивдүү шкаланы киргизүү. Мындан тышкары кошумча нарк салыгы да жогорулашы ыктымал.

Орусиянын 2016-жылга карата бюджети мунайдын баасы бир баррелине 50 доллар болгон шартта бекитилген болчу. Биринчи жарым жылдыкта мунайдын наркы бул көрсөткүчтөн кыйла арзан болгону маалым. Ошондуктан бюджеттин таңкыстыгын жоюу үчүн Орусия буга чейин топтолгон Резервдик фондунун каражатын колдоно баштаган.

XS
SM
MD
LG