Ссылки доступа

Батыровдун үйү Бакиевдердин карамагына өттү


Кадыржан Батыровдун Жалал-Абаддагы үйү толугу менен Санжар Бакиевге өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу  Сузак райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн башчысы Динислам Кожоакматов билдирди.

Анын айтуусунда, Батыров үй-бүлөсү менен 2010-жылга чейин жашап турган үй соттун чечими менен Бакиевге берилди. Бакиевдердин жакындары 2010-жылы Батыров алардын турак үйүн өрттөгөн деп айыптап, чыгымын өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылдын ноябрь айында Бакиевдердин доосун канааттандырып, алардын пайдасына Батыровдон 7,4 млн. сом өндүрүүнү чечкен. Сузак районунун Дмитриевка айылында жайгашкан Батыровдун турак жайы сот аркылуу камакка алынып, эки ирет сатыкка коюлган.

Бирок үй сатылбаган соң облустук соттун ушул жылдын апрель айындагы чечими менен Батыровдун турак жайы толушу менен Санжар Бакиевдин менчигине өткөрүлүп берилди.

17-майда сот аткаруучулар күбөлөр менен бирге үйгө кирип, буюмдарын жакындарына өткөрүп беришкен.

Кадыржан Батыров 10-жылдагы июнь окуясынан кийин Кыргызстандан качып кеткен. Ал калабаны уюштуруу боюнча күнөөлүү деп табылып, эл аралык издөөдө жүрөт. Айрым маалыматтар боюнча Батыровго Швециядан баш калка берилген.

XS
SM
MD
LG