Учак Париждеги Шарль де Голль аэропортунан жергиликтүү саат боюнча түнкү 11де Каирди көздөй учуп чыккан. Акыркы жолу ал Европа менен Жакынкы Чыгышты байланыштырып турган Жер ортолук деңиздин үстүндөгү аба жолунда радардын экранында катталган.
Каирге конооруна 20 минута калганда жоголууда.
Учак Жер ортолук деңизге түшүп кетиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Мындан улам Египет коопсуздук кызматтары кеме жана учактар менен издөө иштерин жүргүзүүдө.