Ссылки доступа

Казакстанда митингге үндөгөн 20дан ашуун адам камалды


Казактандын ар кайсы аймактарында 20дан ашуун адам “Тынч чогулуштарды өткөрүү жана уюштуруу тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы” үчүн административдик камакка алынды.

Булар – жер реформасы боюнча өз көз карашын билдирген жана 21-майда өткөрүлөт делген митинг туурасында сөз кылган адамдар.

Жуманын башында Казакстандын полициясы социалдык түйүндөрдө жер реформасына байланыштуу жеке пикирин билдирген жарандарды жана активисттерди куугунтуктоону күчөткөн.

Казакстандын аймактарында 17-майдан тартып 20дан ашуун адам кармалган. Соттор административдик камакка алуу туурасындагы чечимдерин түн ичинде чыгарышууда.

Freedom House уюму шаршембиде Астананы активисттерди бошотууга чакырды. Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери Казакстандын бийлигине кайрылып, жарандык активисттерди кармоону жана куугунтуктоону токтотууга үндөгөн.

XS
SM
MD
LG