Ссылки доступа

Каатчылык Тажикстандагы жарнама бизнесине сокку урду (видео)


Кезинде кирешелүү болгон жарнама агенттиктери экономикалык каатчылык маалында  ишин жабууга аргасыз.

Дүйшөнбүнүн көчөлөрүндө рекламалык билборддордун саны азайды. Ал эми жарнама жайгаштыруунун баасы 75% кыскарды. Айрым эсептер боюнча шаардагы рекламалык такталардын жарымы бош.

Sky Central Asia/Tajikistan компаниясынын директорунун айтымында, көчө жарнамаларынын кыскарышына экономикалык каатчылык шыкакчы болду. 2011-жылы мобилдик байланыш операторлору мамлекеттик телеканалдардын бюджетин жарым миллион долларга толтуруп турган. Эми бул компаниялар реклама чыгымдарын кыскартып, кызматты интернет аркылуу көрсөтүү жолун тандап алышты.

Forex компаниясынын директору Азамат Зикириёевдун пикиринде, каатчылыктын айынан бардык компания жана мекемелерде сатуу ыргагы басаңдады.

Учурда Дүйшөнбүдө тышкы реклама кызматын 5-6 ири компания гана көрсөтүп жатат.

XS
SM
MD
LG