Ссылки доступа

Египет бийлиги А-320 EgyptAir учагынын калдыктары табылганын билдирди


Египеттин авиакызматтарынын өкүлдөрү грекиялык Карпатос аралынын түштүк жагынан бейшембиге караган түнү кулап түшкөн EgyptAir компаниясынын учагынын калдыктары табылганын билдирди. Жер ортолук деңизинде табылган предметтердин арасында куткаруучу чыптамалар да бар.

А-320 аэробусу Парижден Каирге бараткан жолдо радардын экранынан көрүнбөй калган. Анда 66 жүргүнчү менен экипаж мүчөлөрү бар болчу. Алардын көпчүлүгү – Египет менен Франциянын жарандары.

Расмий билдирүүлөргө караганда, учак техникалык себептердин эмес, террордук аракеттердин курмандыгы болушу ыктымал. Бул жөнүндө египеттик авиация министри сөз кылган.

Учак эки ирет кескин бурулуш жасап, андан кийин сууга кулап түшкөнү болжолдонууда. Айрым күбөлөр асманда жарылуу болгонун көргөндүктөрүн айтышкан.

XS
SM
MD
LG