Ссылки доступа

Ирак аскерлери Эр-Рутбаны бошотушту


Ирактын аскерий күчтөрү өлкөнүн батышындагы Эр-Рутба шаарын согушчандардан арылтты. Ал 2014-жылы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тарабынан басылып алынган болчу.

Ирактын коргоо министрлиги билдиришинче, ирактык аскерлер АКШ жетектеген эл аралык коалициянын колдоосу менен Анбар провинциясындагы Эр-Рутба шаарын согушчандардан толук тазалашты.

Бошотуу операциясы үч күн мурун башталган. АКШ куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү Стив Уоррен аталган шаардагы исламчылар анчейин катуу каршылык көрсөтпөгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле ирак жоокерлери шаардын чет жакасын согушчандардан арылтууну улантып жаткандыгын айтты.

Апрелде ирак аскерлери жергиликтүү уруулардын жоокерлеринин колдоосу менен Хит шаарын бошотушкан. 2015-жылдын аягында Рамади шаары исламчылардан тазаланган болчу.

XS
SM
MD
LG