Ссылки доступа

Казакстан өкмөтү жер реформасын жигердүү талкуулоого чакырды


Биринчи вице-премьер Бахытжан Сагинтаев, айыл чарба министри Аскар Мырзахметов жана “Нур Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Мухтар Кул-Мухаммед  жер маселесине байланыштуу сунуш бергиси келгендер үчүн өкмөттүн эшиги ачык экендигин билдиришти.

Өкмөт жетекчилери менен президенттик партиянын өкүлдөрү республикалык комиссиянын алкагында жер реформасы боюнча маселелерди талкуулоого жигердүү катышууга чакырышты. Аталган комиссия жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы массалык нааразычылыктар толкуну болгондон кийин түзүлгөн.

- Жер кодексине байланышкан ар бир маселе комиссиянын алкагында талданат. Калгандары тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жөнөтүлөт. Биз бул маселени талкуулоого болушунча көбүрөөк жарандын катышуусуна кызыкдарбыз. Ошондуктан бул ишке Астананын, Алматынын жана облустардын акимчиликтерине караштуу бардык коомдук кеңештер тартылган, - дейт Бакытжан Сагинтаев.

Ал жер реформасы боюнча комиссиянын кезектеги отуруму 21-майда Астанада өтөрүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG