Ссылки доступа

Сулайманов: кыргыз милициясы сурак учурунда кыйноолорду колдонот


Бул туурасында Жогорку Кеңештин отурумунда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын маалымдашынча, былтыр 200дөй жаран кыйноолорго кабылганын айтып кайрылган. Быйылкы жылы түшкөн арыздар боюнча маалымат азырынча тактала элек.

Сулаймановдун айтымында, кыйноолордун дээрлик 85 пайызы кылмышка шектелип кармалган адамдардын күнөөсүн моюнга алдыруу максатында колдонулат. Зомбулук адатта жактоочулары менен жакындарына кабар бериле электе көрсөтүлөт.

Борбор атайын мониторинг жүргүзүп, тергөө изоляторлорунда жана башка жабык мекемелерде кармалгандардын 27,6 пайызы кыйноолорго дуушар болгонун аныкташкан.

Респонденттердин дээрлик 10 пайызы милиция бөлүмдөрүнө барган учурларда да аларды кыйнап, ур-токмокко алганын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG