Ссылки доступа

Тажикстанда пикетчилер Евробиримдиктен “чыккынчыларды” берүүнү талап кылды


Аза кийимин кийген тажик аялдары менен жаштары Евробиримдиктин Дүйшөмбүдөгү өкүлчүлүгүнүн кеңсесине келип, европалык дипломаттардан “чыккынчыларды” берүүнү талап кылган.

Евробиримдик делегациясынын жетекчиси Хидает Бишчевич тажик оппозициясынын жетекчилерин өткөрүп берүү жөнүндөгү суроого таң калгандыгын билдирди.

"ЕБнын оппозиция лидерлерин өткөрүп берүү сыяктуу юридикалык маселелерде ыйгарым укуктары жок. Мурда да ушундай маселе жаралганда мен Евробиримдиктин улуттук саясаты туурасында тажик бийлигине айтып берген элем. ЕБ бул өлкөгө экономика, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында олуттуу жардам көрсөтүп жатканын эске алганда, эмне үчүн айрымдар ЕБны Тажикстандын “душманы” катары сыпаттоого аракет кыларын түшүнө албай турам, - деп билдирди Бишчевич.

Хидает Бишчевич бул өлкөдө адам укуктары, жарандык коом, сөз эркиндиги жана дин эркиндиги жаатында көйгөйлөр бар экенине карабастан, акыркы мезгилде Тажикстан менен ЕБ ортосундагы алака тез ыргакта өнүгүп жаткандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG