Ссылки доступа

Өзбек мектептеринде бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды


Өзбек мектептеринин мугалимдеринен, класс жетекчилеринен жана директорлорунан кепилдик каттар алынууда. Анда мектептерде бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө, мектеп директорлору менен мугалимдерге белек берүү үчүн акча чогултууга жол бербөө боюнча милдеттенмелер камтылган.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы менен болгон маегинде Ташкенттеги мектептин директору бул боюнча Билим берүү башкармалыгынан так көрсөтмө келгендигин кабарлаган. Анын маалымдашынча, бул жылы бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери акча чогултпайбыз деген кепилдик кат берип, ал эми мектептердеги коопсуздукту камсыздоо үчүн укук коргоо органдары көмөк көрсөтөт.

Мындай көрүнүштөргө тыюу салуу Өзбекстанда биринчи жолу болгон жок. Ага карбай көптөгөн мектептердин бүтүрүүчүлөрү кечелерди өткөрүп, акча чогултууну токтоткон эмес.

– Быйыл укук коргоо органдары бул жараянды катуу көзөмөлгө алат. Эгер бүтүрүү кечелери өткөрүлө турган болсо, аларды токтотуп, ата-энелер менен окуучуларга эскертүү берилет. Бул үчүн мектеп директорлору менен мугалимдер иштен алынышы ыктымал, - дейт Самарканд облусунун Кушрабад районундагы билим берүү бөлүмүнүн кызматкери.

XS
SM
MD
LG