Ссылки доступа

Казакстанда ири социалдык түйүндөр жана мессенжерлер убактылуу иштебей калды


Казакстанда түн жарымында ири сервистер, анын ичинде Facebook, Twitter, «ВКонтакте», WhatsApp, Viber жана YouTube иштебей калды.Telegram жарым-жартылай ачылган.  Бул туурасында Алматы жарандары билдиришти.

Блокко түшүрүүнүн так себеби белгисиз. Бирок жергиликтүү жашоочулар муну 21-майда жер реформасы боюнча өтө турган митинг менен байланыштырышууда.

Жергиликтүү тургундун айтымында, 00:00дөн 01:00ге чейин Казакстанда ири байланыш платформалары, анын ичинде Инстаграм жана «Мой мир» ачылган эмес. Кийинки сааттарда - 01:00 ден 02:00 чейин Алматыда интернет такыр эле иштебей калган.

Казакстандын борбору Астанада социалдык түйүндөр менен мессенжерлер иштеген эмес, бирок калган сайттарга мобилдик телефон аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон.

21-майда жер маселеси боюнча митинг өтө тургандыгы жөнүндө кабар социалдык түйүндөр аркылуу тараган. 17-майдан бери уруксат берилбеген акцияга чакырык таштаган 20дан ашуун адам камалган.

XS
SM
MD
LG