Ссылки доступа

Тажикстанда мугалимдер эки айдан бери банктан маяна ала албай жатышат


Куляб мамлекетик университетинин мугалимдери «Тоджиксодиротбанктан» эки айлык маяналарын ала албай жатышат. Мындан улам алар доо арыз менен сотко кайрылышты.

Каржылык маселелерден улам Тажикстандын улуттук банкы бул мекемеге убактылуу жетекчилик дайындаган.

Окутуучулар январь жана февралдын айлыгын көргөн эмес. Айрым мугалимдер тааныштары аркылуу маяналарын алышкан. Калгандарына банкоматтан нак акча берилбей жатат. Банкка кайрылышканда акча жоктугу, эч кандай жардам бере алышпастыгы айтылган. Буга байланыштуу мугалимдер арыз жазууга аргасыз болушту.

Банк бул маалыматты тастыктады. Жетекчиликтин алмашуусу менен абал жакшырып, бардык кардарлар, анын ичинде агартуучулар маяналарын алышат деген үмүттө турушат.

XS
SM
MD
LG