Ссылки доступа

ММК: Бинали Йылдырым Түркиянын жаңы премьер-министри болот


Бинали Ыйылдырым. Анкара, 19-май, 2016-жыл.

Бинали Ыйылдырым. Анкара, 19-май, 2016-жыл.

Түркиянын транспорт, кеме жана байланыш министри Бинали Йылдырым Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагалыгына көрсөтүлгөн жападан-жалгыз талапкер болуп калды.

РИА Новости маалымдагандай, бул туурасында аталган партиянын басма сөз катчысы Омер Челик партия башкармалыгынын кеңешинин 19-майда өткөн отуруму аяктагандан кийин билдирген.

Түркиянын башкаруучу партиясынын лидери салтка ылайык премьер-министр болуп дайындалат.

«Бинали Йылдырымдын талапкерлиги жекшембиге белгиленген партиянын съездинде каралат”, - деди Челик.

Йылдырым 2002-жылы Түркиянын парламентине Адилеттик жана өнүгүү партиясынын атынан шайланган. Андан кийин 13 жыл бою Түркиянын транспорт министри кызматын аркалап келген.

XS
SM
MD
LG