Ссылки доступа

Украинанын чыгышында элдешүү эрежелери бузулууда


Өткөн суткада Донбасста бир украин жоокери каза таап, экинчиси жарадар болду. Бул туурасында Украинанын аскерий операция маселелери боюнча өкүлү Александр Мотузяник билдирди.

Киев жикчилдер ири калибрлүү артиллериялык системаны колдонуп, Донецк облусунун Авдеевка шаарын “эки ирет аткылашты” дешүүдө. Мунун натыйжасында жергиликтүү аял жараат алган.

Ал эми өзүн-өзү жарыялаган "Донецк элдик республикасы" украиналык аскерлер тарабынан 200дөн ашуун оку чыгаруу болгонун билдирди. Жикчилдер Александровка, Трудовский, Спартак, Саханка, Коминтерново жана Жабичево айылдары миномет менен аткылангандыгын кабарлашты.

Украина коргоо министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдын жазынан бери Донбасстагы куралдуу жаңжалдын айынан 2600 украиналык жоокер набыт болуп, 9 миңден ашууну жараат алган.

Киев менен Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп жатат деп айыптап келет. Кремль муну мойнуна албайт.

XS
SM
MD
LG