Ссылки доступа

Обама Азия боюнча сапарын Вьетнамдан баштады


Президент Обама Азияда бир аптага созулчу сапары учурунда аймактын АКШ менен коопсуздук жана экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыгын чыңдоого умтулмакчы.

Обама алгач Вьетнамда үч күндүк визит маалында бул өлкөнүн бийликтери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн тышкары Вашингтон менен Ханойдун кызматташтыгы боюнча сөз сүйлөйт.

Ошондой эле ишкерлер жана жарандык коомдун активисттери менен жолугат. Вьетнамдан соң ал Жапонияга Чоң жетинин саммитине катышууга барат. Иш сапары учурунда Барак Обама АКШ, Жапония, Вьетнам жана башка 12 өлкө катышып жаткан соода келишим – Транс Тынч океан өнөктөштүгүн алга жылдырууга көңүл бурат.

Жапониядагы сапарында Обама Хиросима шаарына да тарыхый визит жасамакчы.

АКШ 1945-жылдын 6-августунда Хиросимага кубаты 15 килотонналык атомдук бомба таштаганда 80 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. Мындан үч күндөн кийин атомдук бомба Нагасакиге ташталып, ал Экинчи Дүйнөлүк согуштун тезирээк аякташына түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG