Ссылки доступа

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду


69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен, Дэниэл Блейк” аттуу тасмасы табылып, “Алтын пальмага” ээ болду. Фестивалга он үчүнчү жолу катышып жаткан Лоуч 2006-жылы да баш байгеге ээ болгон.

Тасма жүрөк оорусун кечирген соң, социалдык жөлөк пул алууга арга издеген карыган жыгач устанын жашоосу жөнүндө тартылган.

Фестивалдагы экинчи сыйлык саналган Гран-приге Ксавье Доланганын «Бул болгону акыр заман” аттуу тасмасы татыктуу болду.

“Мыкты режиссер” номинациясындагы сыйлыкты “Атайын кардар” аттуу тасмасы менен Оливье Ассаяс жана румын коомундагы коррупцияны баяндаган «Бүтүрүү сынагы” деп аталган фильми үчүн Кристиан Мунджу алды.

“Эң мыкты сценарий” наамын Иран режиссеру Асгара Фархадин “Коммивояжер” тасмасы үчүн жеңди.

Канн фестивалы - дүйнөдөгү тарыхы терең жана абройлуу киносынактардын бири катары белгилүү. Баш байге “Алтын пальма” үчүн быйыл 21 тасма ат салышты. Калыстар тобуна быйыл австралиялык режиссер Жорж Миллер төрагалык кылды.

XS
SM
MD
LG