Ссылки доступа

Миллиардер Алишер Усманов 600 миллион долларга яхта сатып алды


Өзбек тектүү орусиялык мультимиллиардер узундугу 156 метр жана 120 адамды батырган суперяхта сатып алды. Бизнесмен аны Канн кинофестивалы учурунда элге көрсөткөн.

Яхтада бассейн, тик учак конуучу жай, спорт жана тамактануучу жайлар, заманбап техника менен жабдылган люкс каюталар бар. Ага тейлөөчү 40 адамды, 80 экипаж мүчөсүн, 120 конокту жайгаштырса болот. Тейлөөчү персонал күнү-түнү коноктордун кызматында болот.

Эң чоң жана кымбат кемелердин дүйнөлүк рейтингинде 4-орунду ээлеген бул яхта адегенде «Omar» деп аталган. Кийинчерээк Усманов ага өз энесинин урматына «Dilbar» деген ысым берген. Ал иштиктүү жолугушуулар жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн арналган. Өзбек ишкеринин мурунку 110 метрлик яхтасы да «Dilbar» деп аталчу.

2013-жылы Алишер Усманов болжол менен 100 миллион АКШ долларына Apple компаниясынын акцияларын сатып алган. Ал Mail.ru, Odnoklassniki.ru, Vkontakte.ru. долбоорлорунун, ошондой эле Digital Sky Technologies компаниясынын тең кожоюну болуп саналат. Жүздөгөн популярдуу веб-сайт менен порталдардын, «Мегафон» акцияларынын ээси. Андан тышкары курамына федералдык 7ТВ менен Муз-ТВ, 33 аймактык телеканал кирген медиахолдингдин да тең кожоюну. Усмановдун медиаимпериясында Коммерсантъ басылма үйү да бар.

Алишер Усмановдун байлыгы 13,4 миллиард долларга бааланат.

XS
SM
MD
LG