Казакстандан тышкаркы жактарда сайтка VPN-кошулуу аркылуу да, анонимайзер аркылуу да кирсе болот.
Эреже катары, буга чейин сайттын айрым баракчаларына гана кирүүгө бөгөт коюлчу. 21-майда Казакстандын бир катар шаарларында жүздөгөн адам, анын ичинде журналисттер менен укук коргоочулар кармалган. Тартип сакчылары “жер маселесине” байланышкан уруксатсыз митинг өткөрүүгө бөгөт койгон.
Кармалгандардын арасында Азаттыктын Алматы, Астана, Орол, Атырау жана Шымкент шаарларындагы кабарчылары да бар. Кармалгандан бир нече сааттан кийин полиция кабарчыларды бошоткон. Акцияны сүрөттөгөн айрым журналисттердин видеокамерадагы, смартфондордогу кадрларын өчүрүп салышкан.