Ссылки доступа

Пентагон: АКШ Сирияны Орусия менен бирге бомбалабайт


Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Сириядагы «Жебхат ан-Нусра» радикалдуу топтун аскерлерине биргелешип авиа сокку уралы деген сунушун четке какты.

Пентагондун өкүлү Жефф Дэвис "Сириядагы аскерий операциялар боюнча Кошмо Штаттар Орусия менен кызматташпайт» деп билдирди.

Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу сирия-түрк чек арасы аркылуу курал ташыган отряддар менен кербендерге 25-майдан тартып АКШ жетектеген коалициянын күчтөрү менен биргеликте сокку уралы деп сунуштаган болчу.

Министр Орусия 25-майдан тартып Сириядагы убактылуу жарашуу режимине кошулбаган топторго каршы бир тараптуу сокку уруу мүмкүндүгүн да айткан. Шайгу Сириядагы 140ка чукул куралдуу топ АКШнын аракети менен убактылуу жарашуу режимине кошулганын билдирген.

Анын маалымдашынча, Сирия президенти биргелешип сокку урууга каршы эмес. Буга чейин АКШ бир нече жолу Башар Асаддын режими менен кызматташуудан баш таркан.

Ок атышпоо режими Сирияда 27-февралда киргизилген. Ага "Ислам мамлекети" жана "Жебхат ан-нусра" экстермисттик топтору кирүүдөн баш тарткан. Алар бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда террорчу топ катары таанылган.

XS
SM
MD
LG