Ссылки доступа

"Казак радиосу" жабылып калуу коркунучунда


Мамлекеттик “Казак радиосунун” Алматыдагы бюросунда иштеген 30 кызматкер Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаевге кат жолдоду. Анда журналисттер өздөрү иштеген бюронун жабылып калуу ыктымалдыгына нааразы экендигин билдирген.

«Азыркы тапта 14 журналист эмгектенген алматылык студия жабылып калышы мүмкүн болуп турат. 95 жылдык тарыхы бар радио “дарыканага” айланганына үч жыл толду. “Казак радиосунун” обосунда жарнамалык мүнөздөгү уктуруулар басымдуулук кылып келе жатат. Бир эле дары күнүнө төрт радиоуктуруунун алдында рекламаланат”, - деп айтылат катта.

Каттын авторлору Алматыдагы бюро каржыны үнөмдөө максатында жабылып жатса, андан көрө башка чыгымдарды кыскартуу зарыл экендигин белгилешкен. Журналисттер аталган бюронун негизинде өз алдынча ММК түзүп, анын материалдык-техникалык базасын жакшыртса болот деп эсептешет. Бул катка 30 адам кол койгон. Азырынча министрлик ага жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG