Ссылки доступа

Евробиримдикте бир жылда 200дөн ашуун теракт жасоо аракети катталган


Былтыр Евробиримдикте 211 ирет теракт жасоого аракет кылынган. Тилеке каршы, алардын айрымдары ишке ашты. Кээсине бөгөт коюуга мүмкүн болду.

Европолдун антитеррордук борборунун башчысы Мануэль Наваррет Панягуа билдиргендей, бийликтин жигердүү иш-аракеттерине карабастан, динге байланышкан экстремизм Евробиримдиктеги эң башкы коркунуч боюнча калууда.

2015-жылдагы теракттар учурунда Евробиримдикте 151 адам курман болуп, 360тан ашууну жараат алган. Миңден ашык адам террорчулук ишке шектелип кармалган. Панягуа Европолдун жылдык отчетунан алынган маалыматтарды Европарламенттеги отурумда билдирди. Баяндама толугу менен жакын арада жарыкка чыгат.

XS
SM
MD
LG