Ссылки доступа

Орусияда пенсия курагы жогорулайт


Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик кызматтагы эркектер үчүн пенсиялык куракты 65 жашка чейин (аялдардыкын – 63кө чейин) жогорулатуу жөнүндө мыйзамга кол койду.

"Интерфакс" билдиргендей, пенсиялык куракты жогорулатуу акырындык менен – жылына жарым жыл кошуу аркылуу жүргүзүлөт. Мыйзам 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Буга чейин Путин Орусиядагы пенсиялык куракты "эртеби-кечпи” жогорулатуу керектигин айткан. Президент муну "системалык көйгөйлөргө” байланыштырган. Анын пикиринде, бул көйгөйлөр орусиялыктардын “өмүр жашы узарган сайын” күчөй бериши ыктымал.

Стратегиялык иштеп чыгуулар борборунун төрагасы Алексей Кудрин 25-майда Орусия жарандарынын пенсияга чыгуу курагын 63 жаштан жогорулатууну сунуштайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG