Ангела Меркель, Франсуа Олланд, Петр Порошенко жана Владимир Путин саясий диалогду улантуу үчүн ок атышуу толук токтотулуп, Минск келишими сакталышы керектигин белгилешти.
Порошенко Орусия бул үчүн Украинанын басылып алынган аймактарынан аскерлерин чыгарып, ал жакка курал-жарак жөнөткөнүн токтотушу керек деп билдирди. Андан тышкары украин-орус чек арасындагы көзөмөлдү калыбына келтирүү зарылдыгына көңүл бурду.
Сүйлөшүү учурунда Украинанын президенти Орусияны барымтага алынган бардык украиналыктарды жана саясий тутукундарды бошотууга, Крымдагы татарлардын укуктарын бузууну токтотууга чакырды.
Кремлдин басма сөз кызматы маалымдашынча, Орусиянын президенти украиналык аскерлердин Донбасстын калктуу аймактарын аткылоосун токтотууга чакырып, абалды жөнгө салуу үчүн Киев Донбасс жана Луганск менен түздөн-түз диалогго баруусу зарыл экенин баса белгилеген.
Мындан тышкары сүйлөшүү учурунда Луганск жана Донецк облустарынын айрым райондорунда жергиликтүү шайлоону украин мыйзамдар менен ЕККУ ченемдеринин негизинде өткөрүүнүн коопсуздук маселелери да талкууланды.
"Нормандия төрттүгүнүн" лидерлери Украинанын чыгышындагы кырдаалдан тышкары Сириядагы абалдын айрым жагдайларын да талкууга алышты.