Дагы 800 качкын “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун кемелерине жайгаштырылган. Калгандары ирландиялык аскерий кемеде убактылуу түнөк табышты.
2016-жылдын март айынын башында балкан маршруту жабылып, Түркия менен качкындар тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин Африкадан Европага деңиз жолу менен келүүгө умтулган качкындардын саны арбып барат.
Ошол эле учурда Евробиримдик мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу максатында Ливиянын жээгиндеги аскерлердин санын көбөйтүү боюнча пландарын эртелетүүгө аракет кылууда. Ливиянын жаңы өкмөтүнүн макулдугун алган соң, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары Брюсселде “София” деп аталган операциянын башталышын колдошту.
Евробиримдик өлкөлөрүнүн аскерлери мигранттарды мыйзамсыз ташып келгендерге каршы күрөшүү үчүн колдонулушу ыктымал. БУУ маалыматы боюнча азыр Ливияда бир миллионго жакын качкындар бар. ЕБ алардын көпчүлүгү Европага Жер ортолук деңизи аркылуу жетүүгө ниети бар деп кооптонууда.