Ссылки доступа

Стамбулда табылган жасалма паспорттор ажылык сапар үчүн даярдалган


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде маалым болду. 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Сауд Арабиянын Жидда шаарына жөнөп жаткан учурда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Жасалма паспорт жасаган деген шек менен Кыргызстандын 4 жараны колго түшкөн.

Көзөмөл орган бул боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогуловдун айтымында, жасалма паспорт жасоо менен алектенген деп шектелип жаткан кыргызстандык төрт жарандын күнөөлүү экени далилденсе, аларды экстрадициялоону Түркиядан өтүнөт.

Жыйынга мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев дагы катышты. Ал паспорттун нагыз ээлери Кыргызстанда жашай тургандыгын, ал эми чет өлкөлүктөр жасалма документ менен учкандыгын кабарлады.

Анын айтымында, алдамчылар жарандардын паспортторун кичи ажылык сапарга бекер барууга утуш уюштуруп жаткандыгын айтып, чогултуп алышкан. Документтеги керектүү маалыматтарды каттап алышып, ээлерине кайтарышкан. Андан соң чет өлкөлүктөр үчүн жасалма паспорттор даярдалган.

XS
SM
MD
LG