"Стрэтфорддун" маалыматына ылайык, жакында экстремисттерден кайтарылган Пальмира шаарынын жанында Орусиянын МИ-24 тик учактары талкаланганы көрүнөт. Ошондой эле 20 чакты унаанын жок кылынганын дээрлик так байкаса болот.
14-майда “Ислам мамлекети” радикал тобу базага сокку урганын, орусиялык төрт тик учак жана амуниция ташыган 20 оор машина керектен чыгарылганын ырастаган. Орусия бул маалыматты расмий комментарийлеген эмес.