Ссылки доступа

Индия соту Өзбекстан жаранын таптакыр түшүнбөй койду


Hindustan Times басылмасы билдиргендей, Өзбекстандын 37 жаштагы жараны Барно Жураева Индиядагы Bhopal түрмөсүндө беш айдан бери камакта. Ал кимдир-бирөө ага уктатуучу дары берип, коңшулаш Непалдан уурдап кеткенин айтууда.

Hindustan Times маалымдашынча, Өзбекстандын жараны бир дагы жергиликтүү тилди билбегендиктен, ага коюлган айыптардын маанисин түшүнө албай жатат.

«Айыпталуучу хинди тилин да, англис тилин да билбейт. Өзбек тилинде гана сүйлөйт. Полиция аны түрмөгө камап койгон. Ал аны эмнеге айыптап жаткандыгын да түшүнбөйт. Полиция кызматкерлери анын паспортун да алып коюшкан”, - дейт укуктук кеңешчи Манодж Шривастава (Manoj Shrivastava) Hindustan Times басылмасына берген маегинде.

Полициянын маалыматына караганда, 2015-жылдын 26-июлунда Жураева Непал менен Индиянын чек арасынан мыйзамсыз түрдө өтүп, Индиянын аймагында жашап жүргөн.

Былтыркы жылдын 10-декабрынан тартып анын иши боюнча сегиз ирет соттук угуулар болуп, анын биринде да өзбек тилин билген котормочу болгон эмес. Өзбекстандын Индиядагы элчилигине алигече Жураева жөнүндө маалымат берилген эмес.

XS
SM
MD
LG