Ссылки доступа

НАТО Орусиянын Украинадагы агрессияларына жооп кайтарат


Эгер Орусия НАТОнун Чыгыштагы өлкөлөрүнө карата Крым же Украинадагыдай терс аракет жасаса, анда уюм жооп кайтарууга мажбур болот. Бул туурасында НАТОнун аскер комитетинин төрагасы Петр Павел билдирди.

Ал “Эркин Европа/ Азаттык” үналгысына маек куруп, Орусиянын Грузия, Украина жана Сириядагы аракеттерине түз жооп берүү иретинде уюм чыгыш флангадагы аскердик күчтөрүн кеңейткенин ачыктады. Эгер Орусия чабуул күчтөрүн көбөйтпөгөндө, НАТО мындай кадамдарга бармак эмес деп кошумчалады.

Анын айтымында, НАТО жана союздун чыгыштагы өлкөлөрү “Орусиянын кокурайгандыгынан жана баскынчылыгынан коркунучту сезип жатышат”. НАТОнун түрдүү чабуулдарга даяр болушу Орусия менен чектеш жайгашкан мамлекеттерге ишеним арттырарын билдирди.

XS
SM
MD
LG