Ссылки доступа

Европа соту Орусияны доого жыкты


Европанын адам укуктары боюнча соту (ЕАУС) Орусияны воронеждик журналист Павел Манжоско моралдык жана соттук чыгымдардын ордун толтуруу максатында 16 375 евро төлөп берүүгө милдеттендирди.

Журналист милиция кызматкерлери ага кыйноолорду колдонгондугун айтып даттанган. Бул туурасында "Общественный вердикт" фонду билдирет.

ЕАУС Манжоско байланыштуу кыйноолорго тыюу салуу жөнүндө берененин талаптары бузулуп, ал эми ырайымсыз жана адамгерчиликсиз мамиле боюнча натыйжалуу иликтөө жүргүзүлбөгөндүгүн белгилеген.

Фонддун маалыматына караганда, Павел Манжос 2008-жылдын мартында Воронеж тартип сакчылары тарабынан кармалган. Алар андан негизсиз эле административдик укук бузуу жөнүндө протоколго кол коюуну талап кылышкан. Журналист мындан баш тартканда аны сабап, колдоруна кишен салып туруп өйдө жактагы торго кадап, 40 мүнөт асылган абалда калтырып коюшкан. Манжос укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартып коюшкан.

XS
SM
MD
LG