Британ журналисти жана телепродюсери Питер Померанцевдин Орусия жөнүндөгү “Чындык жок. Барына уруксат берилген” аттуу китеби Майкл Ондатже атындагы сыйлыкка татыды. Аны жыл сайын Британиядагы Адабият коомчулугунун королдугу кайсы бир өлкө же аймактын бейнесин чагылдырган мыкты көркөм жана даректүү чыгармаларга ыйгарат.
Калыстар тобунун берген баасына ылайык, Померанцевдин китеби таанып- билүүчүлүк касиетке ээ. Себеби аны барактаган окурман Орусияга баргысы келбей калат.
Азыркы Орусиянын ичиндеги ач көздүк менен жемкорлукту чагылдырган чыгарма үчүн 10 миң фунт акчалай сыйлык берилди.