Ссылки доступа

Тажикстан: оффшор чатагынан кийин мыйзамдарга өзгөртүү киргизилүүдө


Эми өлкөдө компания түзгүсү келген жаран оффшордук аймакта катталган компаниялардын кожоюндары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү болуп калды. Бул үчүн тиешелүү мыйзамга өзгөтүүлөр киргизилди.

Мыйзамдын жаңы редакциясын тажик парламентинин депутаттары апрелде кабыл алып, президент ага 14-майда кол койгон. Анын авторлорунун айтымында, өзгөртүүлөр экономикадагы жана чет өлкөлөр менен болгон соода алакадагы айкындуулукту камсыздоого багытталган.

Мыйзамда компанияны же жеке ишкананы каттоо үчүн уюшуруучулардын гана эмес, акциялардын кожоюндары туурасында да маалымат берүү зарылдыгы каралган. Буга чейин жеке ишкананы же компанияны каттоо үчүн уюштуруучунун аты-жөнүн тастыктаган гана документтер керек болуп, акционерлердин тизмеси талап кылынчу эмес.

Аталган мыйзамга өзгөртүүлөр Тажикстандын айрым жарандарынын ысымдары “Панама документтеринде” аталгандан кийин киргизилди.

Иликтөөчү журналисттер тобу Mossack Fonseca документтерин жарыялаган. Аларда саясатчылар менен бизнесмендер салык төлөөдөн качуу максатында каражаттарын оффшордук компанияларда сактай тургандыгы ашкереленген. Миллиондогон адамдардын ичинде 10 тажик жаранынын ысымы да аталган.

XS
SM
MD
LG