Ссылки доступа

Эрдоган: качкындар боюнча келишим үзгүлтүккө учурашы мүмкүн


Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган качкындарды кабыл алуу боюнча Евробиримдик менен түзүлгөн келишим үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экендигин эскертти.

Стамбулдагы гуманитардык маселелер боюнча саммитте сөз сүйлөп жатып, эгер визалык либералдаштыруу болбосо, Түркия парламенти качкындарды кабыл алуу боюнча келишимге кол койбой тургандыгын билдирди. Эрдоган түрк аткаминерлери европалыктар менен сүйлөшүүлөрдү улантып жаткандыгын кошумчалады. “Эгер бул кандайдыр бир жыйынтык берсе сонун, болбосо мен үчүн өтө өкүнүчтүү”, -деди мамлекет башчысы. Мындан тышкары Эрдоган бозгундар боюнча келишимдин негизинде Анкара азырынча эч кандай жардам ала электинин баса белгиледи.

18-марттагы макулдашууларга ылайык, Грециянын жээктерине деңиз жолу аркылуу мыйзамсыз түрдө келген качкындар кайта Түркияга жөнөтүлмөк. Грециядан Түркияга кайткан ар бир мигранттын ордуна Евробиримдикке мүчө өлкөлөр түрк аймагындагы бирден сириялык качкынды кабыл алмак. Deutsche Welle билдиргендей, мындан тышкары Брюссель Анкарага 6 миллиард евро бермек. Бул каражат бозгундардын керектөөлөрүнө жумшалмак.

Азыркы учурда Грецияга мыйзамсыз келген мигранттарды Түркияга кайтаруу эки өлкө ортосундагы келишимдердин негизинде жүргүзүлүүдө. 1-июндан баштап иш-чара Евробиримдик менен Түркиянын жаңы макулдашуусунун алкагында жүзөгө ашары болжолдонгон.

Евробиримдик менен Анкаранын ортосундагы келишимдин өзөгүн визасыз режим маселеси түзгөн. Ал учүн түрк бийлиги Еврокомиссия койгон 72 шартты аткарышы керек болчу.

XS
SM
MD
LG