Ссылки доступа

Орусиядагы соттор мигранттарды массалык түрдө депортациялоодо


Укук коргоочулар катаал сот системасынан улам Орусияда легалдуу жүргөн мигранттар да жабыр тартып жаткандыгын айтышууда.

Кыргызстандык Зуура Айтикеева Москвадагы соттордун иштери менен жакшы тааныш. Анын уулун Орусияга келген биринчи күнү эле полиция көчөдөн кармап, ошол түнү соттоп, 5 миң рубль айыпка жыгып, колуна Орусиядан чыгып кетүү боюнча чечимди карматып койгон:

- Баламды алып барып эле камаган. Москвага келгенине бир күн болгон. Жанында документтери, телефону дагы жок болчу. Аны колундагы авиабилетте жазылган фамилия жана аты боюнча соттоп туруп, Орусиядан чыгып кетүү боюнча токтомду карматып койгон. Соттогондо да 20 адамды чогуу алып кирип, эч нерсе териштирбей эле бир түндө жаза чегерип коюшкан. Башында “мейли, Кыргызстанга кетире берели” дегенбиз, кийин адвокат таап, сотко кайрылдык.

Зуура Айтикеева менен анын уулу жактоочу жалдап, соттун токтомун жокко чыгарууга жетишкен.

Москвадагы соттордун мигранттарга карата акыйкатсыз мамилесине “Жарандык көмөк” комитети жарыялаган доклад дагы далил. Докладда айрым сот өкүлдөрү бир күндө мигранттарга байланыштуу 94 ишти карап, дээрлик бардыгында чет элдик жаранды айыппулга жыгып, анан Орусиядан депортациялоо чечимин кабыл алганы тастыкталган. Сот жараянында бир мигранттын иши беш мүнөттө каралары белгиленген.

Троицкий белгилегендей, бийлик бул баяндамага эч кандай деле жооп кайтарган жок. Анткен менен баяндама коомчулукта резонанс жарата алды.

XS
SM
MD
LG