Ссылки доступа

АКШ жазуучулары Дональд Трампка каршы чыгышты


450дөн ашуун америкалык жазуучу АКШ президенттигине Республикалык партиядан талапкер болушу ыктымал делген Дональд Трампка каршы электрондук петицияга кол коюшту.

Катарында Стивен Кинг, Жюно Диас жана Дэвид Эггерс болгон адабиятчылар интернетке “Америка элине ачык кат” аттуу онлайн-кайрылуу жайгаштырган. Анда Трампты "тарапташтарынын арасында агрессияны күчөтүп, башка пикирдегилерди коркутуп-үркүтүп жатат” деп айыпташкан.

"Америкалык эксперименттин маани-маңызы адамдарды бири-бирине каршы тукурууда эмес, биримдикке чакырууда”, - деп айтылат петицияда.

Петициянын авторлору Трамптын президенттикке талапкер катары катышуусуна каршы болгону менен анын саясий атаандаштары үчүн добуш берүүгө чакырыктарды жасашкан эмес. Катка кол койгондордун саны 8500 адамга жетти.

Вашингтон штатында 24-майда өткөн биринчилик шайлоодо Дональд Трамп АКШ президенттигине талапкер болууга кыйла жакындады. Бул үчүн ал 7-июлга чейин кошумча 14 добуш алышы керек.

XS
SM
MD
LG