Ссылки доступа

Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду (видео)


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Азербайжан редакциясынын журналисти Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду. Анын алдында 25-майда өлкөнүн Жогорку Соту апелляциялык арызын карагандан кийин 7,5 жыл эркинен ажыратуу жазасын өзгөртүп, 3,5 жылга шарттуу түрдө кесүү чечимин чыгарган.

Исмаилова өзү сот залында болгон жок, бирок көп узабай эркиндикке чыкты.

Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар журналистке азаттыктын берилишин кубаттады. ЕККУнун өкүлү Дунья Миятович Исмаилованын бошотулушун өтө жагымдуу кадам катары баалады. Европарламенттин башчысы мындай көрүнүш башка окуяларда да кайталанат деп үмүттөндү.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пейич: “Бул – Хадижа жана бүтүндөй журналисттер, сөз эркиндиги үчүн маанилүү күн. Хадижанын өзү, жакындары үчүн абдан кубанып, анын ишке кайтышын чыдамсыздык менен күтүп турган чак”, - деди.

Хадижа Исмаилова эркиндикке чыккандан кийин мындан ары дагы адилеттүүлүк үчүн күрөштү уланта тургандыгын жарыялады.

Журналист өткөн күздө көз боёмочулук жана салык төлөөдөн качуу деген беренелер боюнча жети жарым жылга кесилген. Батыш жана бир катар укук коргоочу уюмдар Исмаилова президент Илхам Алиевдин жакындары аралашкан коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн куугунтукталып жатат деп, кое берилишин талап кылышкан.

(тасманын сапаттуу жана логотиби жок түп нускасын бул жерден алсаңыз болот)

XS
SM
MD
LG