Ссылки доступа

Өзбек «Гитлерин» ооруканадан үйүнө жөнөтүштү


17-шаардык ооруканада жүрөгүнө эки ирет операция жасалган 59 жаштагы Ташкент облусунун мурдагы акими Ахмаджон Усманов эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үйүнө чыгарылды.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын өздүк булагы кабарлашынча, бул күндөрү Ахмаджон Усманов өзүн жакшы сезип калды жана көрсөтмөлөрүн үйүндө берип жатат.

– Усманов өзүн ырайым кылынган адам катары алып жүрөт. Маанайы жакшы. Тергөө менен кызматташып жатат, - дейт өздүк булак.

Усмановго каршы негизги көрсөтмөлөрдү анжияндагылар берип жатканы белгилүү болду. Ал жетпей калган акчаны толугу менен төлөп берүү милдетин өзүнө алууда.

Облустун мурдагы жетекчисине каршы кылмыш иши ушул жылдын февралында козголгон. Эл “Гитлер” деп атап алган Ахмаджон Усманов буга чейин ооруканадан көрсөтмө берип келген.

XS
SM
MD
LG