Ссылки доступа

Казак бийлиги экономика өсө тургандыгын божомолдойт


Казакстандын улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев оптимисттик божомол менен алганда өлкө экономикасынын өсүшү 1 пайызды түзүшү мүмкүн экендигин билдирди. Бул туурасында Астана экономикалык форумунда, көшөгө артында сөз болду.

Казакстан премьер-министринин расмий сайтында улуттук экономика министрлигинин консервативдик божомолу боюнча өсүш “кеминде 0,5 пайызды түзөрү” жазылган. Анда мунайга болгон баа баррелине 30 доллардан эсептелинген.

«Өзүңөр көрүп тургандай, мунайга болгон баа өстү. Бул Казакстандын экономикасына таасирин тийгизбей койбойт (…) Улуттук валюта курсунун турукташуусу жана инвестициялык климаттын жакшырышы оптимисттик маанайда божомол жасоого шарт түзүүдө”, - дейт Бишимов.

Ал ортодо эл аралык рейтинг агенттиктери буга чейин Казакстандын экономикасынын көрсөткүчтөрү төмөндөйт деп божомолдошкон. Эл аралык Fitch Ratings рейтинг агенттиги апрелде Казакстандын ички дүң өнүмү 1 пайызга азая турганын эсептеген. Мартта Standard & Poor's агенттиги 2016-жылда өлкөнүн ички дүң өнүмү азыраак болот же өзгөрбөстөн калат деп билдирген. Агенттиктин талдоочулары экономикалык божомол мунайга болгон баага, Кашаган долбоорун ишке ашырууга жана структуралык реформаларды жүргүзүүгө жараша боло тургандыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG