Аткаминерлердин айтымында, Кытай жана Түркияда жасалган улуттук желектердеги таажылар кездемеге туура эмес түшүрүлүп, башка дагы алешемдиктерге жол берилгендиги аныкталды.
Сатуучулар жана кардарлар буга чейин чет өлкөдө жасалган болотнайдын кемчиликтери бар экендигин байкашкан эмес. Саидакбар Одинаев он жылдан бери башка товарлар менен кошо чоң жана кичине тажик желектерин сатчу. Бир нече күн мурун анын дүкөнүнө «Таджикстандарттан» текшерүү келип, стандарттарга жооп бербейт деген жүйө менен бардык желектерди алып кетишти.
Белгилей кетүүчү жагдай, Дүйшөнбүнүн борборундагы 65 метр узундуктагы ири тууда дагы ушундай эле алешемдиктер бар.
Жергиликтүү “Суман” фабрикасында желектер стандарттардын негизинде жибек кездемеден жасалат. Бирок өтө кымбат болгондуктан кардарлардын суроо-талабына анча ээ эмес. Кытай жана Түркияда чыккандары алда канча арзан.