Ссылки доступа

Түркмөнстан президенти кезектеги китебин жазды. Эми килемдер жөнүндө...


Түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов килемдерге арналган «Arşyň nepisligi» аттуу китеп жазып, 24-майда өкмөт мүчөлөрүнө белек кылды. Бул туурасында «Хроника Туркменистана» басылмасы жазып чыкты.

Китеп тапшыруу аземинде Бердымухамедов анын бул жаңы эмгеги бардык агартуучулар, окумуштуулар, философтор жана улуттук мураска кызыккандар үчүн пайдалуу боло тургандыгына ишенимин билдирди.

Ушуну менен Түркмөнстан президенти 2016-жыл ичинде төртүнчү китебин жазып бүттү. Буга чейин ал “Акылмандык булагы”, “Чай – дары жана эргүү”, “Аргымактын шар басыгы” деген китептерди жазып, министрлерге тартуу кылган.

XS
SM
MD
LG