Ссылки доступа

Балтия мамлекеттериндеги НАТОнун аскерлерин көбөйтүү сунушталууда


Эстониянын премьер-министри Таави Рыйвас НАТОго кайрылып, Балтия мамлекеттеринде аскердик күчтөрдү көбөйтүүгө чакырды. Бул тууралуу dw.com билдирет.

"Эстония, Латвия жана Литвага НАТОнун бирден батальону керек. Аскерлерди керектүү учурда ротация кылса болот, алар үчүн туруктуу объектилерди түзүүнүн зарылдыгы жок", - деди Рыйвас Die Welt гезитине берген маегинде.

Ал бул аскерлердин ар дайым болушу керектигине басым жасады. Премьер-мнинистр НАТОнун куралдуу күчтөрүнүн көбөйүшү туура багытта кетип баратат деп эсептейт. Бирок мындан ары дагы келишимдер зарыл экендигин кошумчалайт.

Буга чейин НАТОнун Польша, Литва, Латвия жана Эстонияда аскердик күчтөрүн көбөйтүү жөнүндөгү пландары белгилүү болгон. Түндүк Атлантикалык альянс ал жакта аскерлерин ротациялык негизде жайгаштырууга ниеттенүүдө. Бул боюнча чечим июлда Варшавада өтө турган саммитте кабыл алынат. Ар бир өлкөгө миңге чейинки жоокерден турган батальон жайгаштыруу максатталууда.

Өз кезегинде Орусия 2016-жылдын аягына чейин үч жаны дивизия пайда болорун жарыялады. Экөө Батыштагы, бирөө Түштүктөгү аскер чөлкөмүндө жайгашат. Орусия бул аркылуу НАТОнун аракеттерине жооп кайтарып жатканын ачыктаган.

XS
SM
MD
LG