Ссылки доступа

CIT: Пальмирада орусиялык тик учактар жок кылынган


Conflict Intelligence Team (CIT) көз карандысыз ыктыярчы-иликтөөчүлөр тобу америкалык Stratfor аналитикалык борборунун Сирияда орусиялык техниканын, анын ичинде Пальмирадагы аскерий авиабазада Ми-24 тик учактарынын жок кылынгандыгы туурасында маалыматын бышыктады.

Stratfor төрт орусиялык тик учактын жок кылынгандыгын 24-майда билдирген. Ал базанын спутниктен тартылып алынган сүрөттөрүн жарыялаган. Анда күйүп калган тик учактар менен аскерий унаалар даана көрүнүп турат. Компаниянын талдоочуларынын пикиринде, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу базаны аткылаган болушу мүмкүн. Аталган топ буга тиешеси бар экендигин 14-майда эле билдирген.

Орусиянын коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдү жокко чыгарууда. Анын өкүлү Игорь Конашенков "Сириядагы орусиялык бардык тик учактар террорчуларды талкалоо боюнча пландалган милдеттерин аткарып жатат. Орусиялык авиабазанын жеке курамында эч кандай жоготуулар жок” деп билдирген. Ал эми базага кол салуу жөнүндө маалыматты “Ислам мамлекетинин” пропаганда максатындагы көз боёмочулугу деп атады.

XS
SM
MD
LG