Ссылки доступа

Кремль Украинанын "Донбассты кайтарып алуу” ниетин колдойт


Кремль Украина президенти Петр Порошенконун Украина Надежда Савченкодон кийин Донбасс менен Крымды кайтарып алат деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Эгер украиналык лидер муну гуманизмден улам айтып жаткан болсо, аны колдоого алса боло тургандыгын Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын пикиринде, Крымды кайтарып алуу ниети - Орусияга тиешелүү аймакты тартып алабыз дегенди билдирет.

Буга чейин Петр Порошенко Украина Крым менен Донбассты “Савченкону кайтарып алгандай эле кайтарып алат” деп билдирген.

Украина менен кошо 100гө чукул мамлекет Крымдын референдум аркылуу Орусияга кошулушун тааныган эмес. Евробиримдик, АКШ жана башка бир катар батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Москва болсо бардыгы эл аралык укуктун негизинде болгондугун айтып келет.

XS
SM
MD
LG