Ссылки доступа

“Телефонго баш-оту менен кирип кеткен” кыз соода борборунун айнегин сүзүп талкалады 


Бишкекте телефонго үңүлүп, эки жагын карабай бараткан селки соода борборунун айнегин сүзүп, талкалап алган. Бул маалыматты Бишкектин Тез жардам станциясы тастыктады.

Окуя 26-майда «Red Center» соода борборунда болгон. Жабырлануучу Улуттук госпиталга жаткырылды.

Алгачкы маалымат боюнча айнектин сыныктары анын колу-буттарын кесип кеткен.

Мындай окуя республикада алгачкы ирет катталды. Анткен менен башка өлкөлөрдө бул сыяктуу жагдайлар көп эле кездешет жана техногендик доорго мүнөздүү белги болуп саналат.

XS
SM
MD
LG