«Казактар менен казакстандыктар буга чейин эч качан азыркыдай турмушта жашаган эмес. Советтик доордо да билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында азыркыдай ийгиликтер болгон эмес”, - деди ал.
Президенттин айтымында, Казакстан эгемендикке жетишкен учурдан тартып эки миллион жумушчу орундары түзүлүп, жакыр жашагандардын саны 25 жыл ичинде 40 пайыздан 3 пайызга чейин түшкөн. Өлкөнүн ички дүң өнүмү 1991-жылдан 2014-жылга чейин 20 эсеге көбөйгөн. Социалдык чөйрөнүн чыгымдары жогорулаган. Казакстандын алтын валюталык резерви 95 миллиард долларды түзөт.
Акыркы жарым жыл ичинде Казакстандын экономикасы отун ресурстары менен металлга болгон баалардын түшүп кеткендигине байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болууда.