Новгород облустук ИИМ башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Фадеевге Кылмыш кодексинин 242-беренеси боюнча иш козголду.
Шаардык "Новгород.ру" порталынын маалыматына караганда, аталган аткаминердин иши боюнча операцияны прокуратура 2015-жылдын декабрында баштаган. Мэрдин орун басары социалдык түйүндө башка ысым менен катталып, жарым жыл бою жаш балдар катышкан порнографиялык материалдарды (видеороликтерди) жайылтып келген.
Фадеев шаар администрациясында 2014-жылдан бери билим берүү, маданият жана жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт комитеттерин жетектеп келген. Новгород мамлекеттик университетинин “тарых жана социалдык-саясий илимдердин мугалими” адистиги боюнча бүтүргөн.
Азырынча чиновник шектүү деген макамга ээ. Новгород мэриясы менен Фадеев өзү бул боюнча азыр түшүндүрмө бере элек.