Ссылки доступа

Казакстандагы Кашаган кенинде иштегендер ачкачылык жарыялайт (видео)


Баутино базасындагы Кашаган кени үчүн деңиз операцияларын ишке ашыруу менен алектенген компаниялардын жумушчулары кадрлардын кыскарышына нааразы. Мындай жагымсыз көрүнүш кезектеги тендер жана жалданма мекемелердин алмашуусунан кийин болуп жатат.

Жумушчулардын айтымында, 335 адамдын эки компания менен түзгөн эмгек келишимдери 31-майда аягына чыгат.

Жергиликтүү эмгек кошуундардын биринин төрагасынын айтымында, 1-июндан тарта жаңы иштеп баштай турган компаниялар айлык акы жана 53 адамды кыскарта тургандыгын билдирген.

Мухаметжан Дарибаев Баутинодогу деңиз базасында 2004-жылдан бери иштейт. Анын айтымында, буга чейин деле жалданма компаниялар алмашып, тендерди башка ишканалар утуп келген. Бирок жумушчулар кыскаруу жана өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес. Азыр көп нерсе алмашууда.

Эмгек кошууну жаңы компаниялардан айлык маяналарды жана жумушчуларды кыскартпай, мурдагы калыбында калтырууну жана мөөнөтсүз келишим түзүүнү талап кылат. Тиешелүү кат Мангыстоо облусунун акимине, «КазМунайГаз» улуттук компания жетекчилигине жөнөтүлдү.

Эгер талаптар орундалбаса, жумушчулар маселе чечилмейин ачкачылык жарыялай тургандыктарын айтып коркутушууда.

XS
SM
MD
LG